Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды

Өткөн кылымдын биринчи жарымындагы саясий репрессияларда куугунтукка кабылган, жок кылынган кыргызстандыктарды реабилитациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

 

“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо демилгелеген.

 

Депутат Акаевдин айтымында, мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталууда, ишти баштоо үчүн комиссия түзүү керек:

 

“Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси Болот Абдрахманов ошол убактагы репрессияга тартылган, сүргүнгө айдалган, атылган, соттолгон адамдардын тизмесин 10 томдук китеп кылып чыгарды. Ушул ата-бабаларыбызды, саясий репрессияга тартылгандарды актоо иши Кыргызстанда эң мурда башталганы менен, тилекке каршы, биз көп жагынан артта калдык. Казакстан жакында 2,4 миллион архивдик картаны ачты. Өзбекстандын Жогорку соту, Башкы прокуратурасы көзү өтүп кеткен ата-бабаларды мезгил-мезгили менен 150-200дөн актап жатат. Атайын комиссия түзсөк. Анын курамына тарыхчылар, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), архивдин, прокуратуранын, жарандык коомдун өкүлдөрү кирип, ачылбай жаткан архивдеги бир топ маалыматтарды алып чыгып, изилдеп, прокуратурага берип, анан сот актаса деген ойдобуз”.

Акаев кошумчалагандай, болжолдуу 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон.

 

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлдөрү жарым-жартылай кабылган.