Кыргызстанда кездеме өндүрүшү кыскарды

Кыргызстанда кездеме өндүрүшү кыскарды.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин 22 миллион чарчы метрден аз продукция өндүрүлгөн. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч дээрлик 26 млн болчу.   Кездемелер менен катар бут кийим жана булгаары өндүрүү да азайды.  … Кененирээк…

Бишкектеги ШКУ жыйынында 14 документке кол коюлду

Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында 14 документке кол коюлду.   Алар көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жүзөгө ашыруу иш-чаралары боюнча баяндама, уюмдун ишин уюштуруу, бюджети жана каржылык эрежелери, уюмга мүчө өлкөлөрдүн темир жол мекемелеринин иш-чаралар планы, тышкы экономикалык… Кененирээк…

Социалдык тармактар адамда тынчыздануу, стресс жана маанайдын өзгөрүүсүн пайда кылат

Социалдык тармактар адамда тынчыздануу, стресс жана маанайдын өзгөрүүсүн пайда кылат. Мындай пикирге америкалык окумуштуулар келди. Алар 5 миң кишинин анкетасын изилдеп чыккан.   Алгач алар социалдык тармакты дээрлик колдонбогон жана стресске туруктуу адамдарды сурамжылаган. Андан кийин Facebook, TikTok жана Snapchat тармактарында көп отурган адамдардын жыйынтыгы… Кененирээк…

Жер тилкелерине “кызыл китептерди” тапшырууну мэр Эмилбек Абдыкадыров тапшырды

Жер тилкелерине “кызыл китептерди” тапшырууну мэр Эмилбек Абдыкадыров тапшырды. Жер амнистиясын ишке ашыруу боюнча кеңешмеде ал мыйзамга ылайык бардык жер тилкелерине документ берилиши керектигин эскертти.   Анын пикиринде, бул жаатта иштер созулуп жатат. Жарандарга жер тилкесине мыйзамдуу түрдө ээлик кылуу үчүн амнистия зарыл, — деди… Кененирээк…

Боом капчыгайында кооптуу таштар атайлап түшүрүлүп жатат

Боом капчыгайында кооптуу таштар атайлап түшүрүлүп жатат. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, иштер темир жолдун 3 миң 901-чакырымында жүрүүдө.   Буга чейин бул тилкеде сел жүргөндүктөн, поезд курамынын коопсуздугу үчүн таштар атайлап түшүрүлүп жатат.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги такси кызматындагы жогорку баалар боюнча текшерүүсүн баштады

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги такси кызматындагы жогорку баалар боюнча текшерүүсүн баштады. Буга чейин жарандардан ашыра кымбат тарифтерге байланыштуу көптөгөн арыздар түшкөн.   Ведомство маалыматына ылайык, адистер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамды анализдеп, такси кызматына тарифтерди орнотуу боюнча маалыматты изилдеп жатат.   Андан кийин тиешелүү… Кененирээк…

Муфтият авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаганын маалымдашты.   Сынактын негизги максаты 2024-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан барган мусулмандарды алып баруу, кайра алып келүү болуп саналат.   Сынакка катышууну каалгандар 25-октябрдан 13-июлга чейин Бишкек шаары, Жибек жолу көчөсү, 264/3 дарегиндеги (Имам Сарахси борбордук мечитинин артында)… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт.   Электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, ордо калаада 4 миң 200 абоненттин электр энергиясы үчүн бересеси бар. Жарыгы жок калбаш үчүн, керектөөчүлөргө карызды тез арада төлөө сунушталат.   Төлөмдөр электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүндө… Кененирээк…

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 22-отуруму башталды

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 22-отуруму башталды.   Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин делегаттар кеңири отурумда документтерге кол коюшат.   Расмий иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын премьер-министрлери, Ирандын биринчи вице-президенти,  Кытайдын мамлекеттик кеңешинин… Кененирээк…

Өлкөдө 9 айда 23 миң тонна балык өндүрүлдү

Кыргызстанда быйылкы жылдын 9 айында 23 миң 164,7 тонна балык өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен:   — Чүй облусунда 13 миң 646,4 тонна товардык балык өндүрүлдү, анын ичинен кубулжума жилингир — 11 миң 695,9 тонна, бакма каңылтыр — 339,3 тонна, Башка… Кененирээк…