Бишкекте жеке унааларга автобус тилкесинде түнкүсүн жүрүүгө уруксат берилди

Бишкекте жеке унааларга Түштүк магистралдагы жана Байтик баатырдагы автобус тилкеси менен түнкүсүн жүрүүгө уруксат берилди.

 

Транспорт департаменти билдиргендей, уруксат кечки саат 9дан таңкы 7ге чейин күчүндө болот.

 

Калган убакта линиялар коомдук транспорт үчүн гана жарактуу.