«Тез жардамда» иштегендердин айлыгын көтөрүү маселеси каралууда

«Тез жардамда» иштегендердин айлыгын көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште билдирди.

 

Чиновник ошондой эле «Тез жардам» кызматында дарыгерлер, адистер жетишсиз экенин айтты. Маалыматка ылайык, учурда 726 бригада бар, бирок маянанын аздыгынан кызматкерлерди табуу оңой эмес.