Жапаров Жалал-Абадга жаңы автобустар жана жеңил унааларды тапшырды

Садыр Жапаров Жалал-Абадга жаңы автобустар жана жеңил унааларды тапшырды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, шаардын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт паркы 50 жаңы автобус менне толукталды. Алар жакын арада линияга чыгат.

 

Мындан сырткары облустук ички иштер башкармалыгына жана сотко жаңы унаалар тапшырылды. Техникалар кызматкерлердин ишин тезирээк бүтүрүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.