Баткен облустук сотуна жаңы төрага дайындалды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен судья Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова тааныштырды.