Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.   Кохир Расулзода бүгүн Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн Айтматовдун 95 жылдыгына арналган күзгү көргөзмө ачылат

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Иш-чара саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. Көргөзмөнү эки бөлүккө бөлсө болот. Биринчиси — жазуучунун улуу чыгармаларынын негизинде… Кененирээк…

Чүй облусунда трансформаторлор жаңыртылууда

Чүй облусунда трансформаторлор жаңыртылууда. Электр тармактарынын аймактык ишканасынан билдиришкендей, эскирген жабдуулар Александровка айылында алмаштырылды.   Учурда иштер Беловодск, Кызыл-Туу жана Петровка айылдарында жүрүүдө. Белгилеп кетсек, трансформаторлорду Электр тармактары компаниясы сатып алды. Жабдууларды алмаштыруу менен керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт.

Президент тууга өзгөртүү киргизүүнү колдоорун билдирди

Эми ушул вариант Кудай буюруп, кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары Күн бизди карап жылмайып тургандай болот. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. Журналисттин Жогорку Кеңештин төрагасы көтөрүп жаткан тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси боюнча суроосуна мамлекет башчысы… Кененирээк…

Талас облусунун Бакай-Ата айылында жаңы мектеп пайда болот

Талас облусунун Бакай-Ата айылында жаңы мектеп пайда болот. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Мектеп 275 окуучуга чакталат.   Окуу корпусунан тышкары, анда спорт зал, ашкана, медициналык кабинет каралат. Курулуш иштерине жалпысынан 130 миллион сом багытталат деп пландалууда.

Бишкекте бүгүн троллейбустар жүрбөйт

Бишкекте бүгүн троллейбустар жүрбөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, троллейбустук каттам бир күнгө саммитке байланыштуу токтотулат.   Эске салсак, 25-27-октябрь күндөрү ордо калаада транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилди. Чүй, Манас проспектилери, Абдрахманов, Фрунзе, Бөкөнбаев көчөлөрү тосулуп жатат.

Бишкекте милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат

Бишкекте милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул КМШ, ШКУ жана Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин саммитине байланыштуу.   Коомдук тартипти сактоого 4 миңдей милиционер тартылды. Жарандарга милициянын талаптарын аткарып, абалды түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.