Берлинге жакын жерде ашкабак көргөзмөсү ачылды

Берлинге жакын жерде ашкабак көргөзмөсү ачылды. Бул жерге келгендер салмагы дээрлик бир тоннага жеткен өсүмдүктөрдү көрүп, андан жасалган тамактардын даамын тата алышат.

 

Быйыл ашкабак боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп дээрлик 900 кг салмактагы жашылча табылды. Аны өстүрүү үчүн дыйкан Оливер Граф күнүнө 100 литрге чейин суу керектеген.

 

Берлинде ашкабак жарманкеси жыйырманчы жолу өтүп жатат. Бул жолу катышуучулар  уникалдуу 500 сортту көрө алышат.