ФИФА рейтингинде Кыргызстан бир тепкичке төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде бир позицияга төмөндөдү. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, учурда биздин өлкө 97-орунда.

 

ФИФАнын рейтинги бүгүн жарыяланды. Топ үч дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер — Аргентина, Франция, Бразилия.

 

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстандын курамасы 17-сапта турат.