Делиде жасалма жамгыр уюштурууну пландап жатышат

Делиде жасалма жамгыр уюштурууну пландап жатышат. Бул шаардагы абанын сапатын жакшыртат деп күтүлүүдө.

 

Индиянын борборун бир жумадан бери уулуу түтүн каптап жатат. Бийлик бардык мектептерди жаап, курулуш иштерин токтотту. Эми унааларды колдонууга чектөө киргизиле турганы айтылды.

 

Аба ырайына жана уруксатка жараша бийлик 20-ноябрдан тарта жасалма жаан-чачын жаадырат.