Мамлекеттик бажы кызматы 17 унаанын ээлерин издеп жатат

Мамлекеттик бажы кызматы Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын кампасында турган 17 унаанын ээлерин издеп жатат. Мекеме машинелер бажыдан өткөрүлбөй, көптөн бери ошол жерде турганын белгилейт.

 

Унаа ээлери 17-ноябрдан кечикпестен Түндүк-Чыгыш бажысына кайрылышы керек. Эгер алар табылбаса, ведомство сотко кайрылат жана техника мамлекеттин менчигине өтөт.