Бишкекте кезектеги мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы ачылды

Бишкекте кезектеги мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал №6  үй бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгашат.   Белгилеп кетсек, мамлекеттик дарыканалар өлкөнүн бардык аймактарында ачылууда. Аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү баада сунушталат. Келечекте препараттардын ассортиментин 2 миңге чейин жеткирүү пландалууда.

Өлкөнүн банктары өз банкоматтарын жаңы купюраларды алууга ылайыкташтырууга милдеттендирилет

Өлкөнүн банктары өз банкоматтарын жаңы купюраларды алууга ылайыкташтырууга милдеттендирилет. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк даярдады.   Ага ылайык, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жаңы банкноталарды чыгаруу жөнүндө жарыялаган учурдан тарта 6 ай ичинде бардык банкоматтар аларды кабыл алышы керек деген талап жазылат.   Бул жарандарга ыңгайлуу… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери күрүч дээрлик 1,5 эсе кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери күрүч дээрлик 1,5 эсе кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эгер 2-январга карата аталган азыктын бир килограммы 94 сом болсо, 2-ноябрда баалар 143 сомго жетти.   Учурда эң кымбат күрүч Кара-Сууда сатылууда – килограммы 188 сомдон. Ал эми эң төмөнкү баалар… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында маданий борбор пайда болот

Сүлүктү шаарында маданий борбор пайда болот. Курулушка тендерди калаа мэриясы жарыялады.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордун сметалык наркы 51 миллион 700 миң сомду түзөт. Аткаруучу компаниялардан арыздар 27-ноябрга чейин кабыл алынат.

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын Төө-Ашуу, Сосновкага тиешелүү 81-чакырымында чоң жүк ташуучу машинелер өткөрүлбөйт.   Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот. Жеңил унаа менен сапарга чыккан айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала… Кененирээк…

Бишкекте республикалык айтыш өтөт

Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” театры, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын… Кененирээк…

Кара өрүк картаюу процессин жайлатат

Кара өрүк картаюу процессин жайлатат. Эндокринолог Зухра Павлова билдиргендей, мөмөнүн жаңы үзүлгөнү дагы, кургатылганы дагы ден соолукка пайдалуу. Анын курамында А, С витаминдери, кальций, фосфор, пектиндер жана антиоксиданттар бар.   Бул компоненттер булчуң, сөөктөрдү бекемдөөгө жардам берип, эс тутумду жакшыртып, картаюу процессин да жайлатат.

Өзгөн районунун Алга айылында мектептин курулушу жыйынтыкталды

Өзгөн районунун Алга айылында мектептин курулушу жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында, имарат 150 орунга чакталып, окуучулар үчүн каалгаларын ачты.   Мектепте окуу класстарынан тышкары спорт зал, ашкана, музыка залдары жана лаборатория бар.

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылы үчүн ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылы үчүн ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош жолунун кооптуу делген тилкелеринде жолчулардын нөөмөтү уюштурулду.   Трасса кардан тазаланып, инерттүү материал себилип жатат. Долон, Кызыл-Бел, Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында дагы жол тынбай тазаланып, кыймыл татаалданган жок, — дешти ведомстводон.

Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында таза суу жок болот

Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында таза суу жок болот. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматы боюнча, кечки саат 9га чейин суу Фрунзе, Дэн Сяопин, Москва, Асаланиев көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Чүй проспектилеринде жана Жаш Гвардия бульварында өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр “Батыш-2” суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.