Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам ушул жылдын 12-декабрынан тарта аткарыла баштайт.
Чэнду шаарына самолет жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү 30-мартка чейин каттайт.