Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн дизелдик генераторлор сатылып алынды

Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн дизелдик генераторлор сатылып алынды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, кубаттуулугу  120 киловатт болгон генераторлор Бишкекке жана 7 облуска бөлүштүрүлөт.   Алар жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жана электр тармактарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө колдонулат. Ошондой эле аба чубалгылары жок болгон учурда талаада көчмө… Кененирээк…

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды. Муфтияттан билдиришкендей, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат. Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.   Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.

Жаан жаап жаткан учурда электр самокаттарды тебүү сунушталбайт

Жаан жаап жаткан учурда электр самокаттарды тебүү сунушталбайт. Куткаруучулардын айтымында, эгер сапар учурунда жамгыр башталса, анда ылдамдыкты төмөндөтүү керек.   Синоптиктердин маалыматы боюнча бүгүн жаан кечкиге чейин токтобойт. Айдоочуларга унааларын бак-дарактардын алдына токтотпоо, ал эми жөө жүргүнчүлөргө этият болуу сунушталат.

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде атайын техника дагы иштеп жатат, трасса кардан ташаланып, инерттүү материал себилүүдө.   Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаанын техникалык абалын текшерип, жол эрежелерин бузбай жүрүү… Кененирээк…

Кыргызстандыктар төлөмдөрдү көбүнчө банкоматтардан акча чыгарбастан карта менен жүргүзө баштады

Кыргызстандыктар төлөмдөрдү көбүнчө банкоматтардан акча чыгарбастан карта менен жүргүзө баштады. Анткен менен накталай акчанын көлөмү баары бир көптүк кылууда.   Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, картаны колдонуу менен 53,6 миллион транзакция жүргүзүлүп, жалпы суммасы 203 миллиард сомду түзгөн. Белгилеп кетсек, биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, карта менен… Кененирээк…

Макаодо Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи өкүлчүлүгү ачылды

Кытайдын Макао шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) биринчи өкүлчүлүгү ачылды. Аны Мээрим Кожокматова жетектейт. КР СӨПтөн кабарлашкандай, ал өз ишмердүүлүгүнүн алкагында Гуанжоунун башкы консулу Хомени Эргешов, Макао мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы жана Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын мүчөсү Коу Хои Ин менен жолугушууларды өткөрдү.… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкентке келди

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди. Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.   Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги… Кененирээк…