Кыргызстан боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда

Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, “Эл аман” мамлекеттик дарыканаларында препараттардын бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

 

Белгиленгендей, сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат.