Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 21 пайызга өстү

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 21 пайызга өстү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин бюджетке 15 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 13 миллиард сомдон аз болгон.

 

Бюджетке эң чоң салымды ЖОЖдордогу жана колледждердеги билим берүү кызматтары, каттоо, күбөлүктөрдү жана башка документтерди берүү, ошондой эле объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу камсыздаган.