Батир баасы эң кымбат Бишкектеги район аталды

Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин эң кымбаты Панфилов көчөсү менен “Спартак” стадионундагы райондо жайгашкан. “Акчабар” порталы жазгандай, аталган аймакта  турак жайдын чарчы метри 1 миң 481 долларды түзөт. Андан кийин Москва/Белинский көчөсү турат. Бул тарапта сатып алуучудан үйдүн чарчы метри үчүн 1 миң 452 доллар суралат.

 

Бишкектиктер арасында чоң популярдуулукка ээ болгон “Алтын аянт” үчүнчү сапта турат. Ал жерде бир бөлмөлүү батирдин чарчы метри 1 миң 441 доллар болот.