Садыр Жапаров Парижде өтчү «Бир планета саммитине» катышат

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы «Бир планета саммитине» катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат.

Сапар алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Матиас Корман, энергетика тармагындагы Électricité de France жана Total компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Азымбакиев президент Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда иш сапары менен Ташкент шаарында болду. Ал Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитине катышкандан кийин Францияга учуп кеткен.