Эс алуу күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери уюштурулат

Эс алуу күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери уюштурулат.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, алар ордо калаанын үч жеринде жайгашкан: Раззаков, Жетикашкаева көчөлөрүндө жана Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

 

Жарманкелерден шаар тургундары азык-түлүктү өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз сатып алса болот. Алар жыл аягына чейин иштейт.