Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасын 1:0 эсеби менен жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасын 1:0 эсеби менен жеңди. Атаандаштардын дарбазасына Одилжон Абдурахманов киргизген гол кыргызстандыктарга жеңиш тартуулады.

 

Белгилеп кетсек, бул Кыргызстандын 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында экинчи беттеши болду. Алдыда эми Тайвань командасы менен беттеш болот. Буга чейин “Ак шумкарлар” Малайзиянын футболчулары менен алардын оюн талаасында кездешип, 4:3 эсебинде жеңилип калган.