Шайлоодо партияларга иштеген үгүтчүлөрдүн санын азайтуу сунушталды

Шайлоо өнөктүгү маалында саясий партияларга иштеген үгүтчүлөрдү эки эсе азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Сыдыков көтөрдү. Ал партиялардын үгүтчүлөрүнүн саны азыркыдай 10 миң эмес, 5000ге чейин эле болуш керектигин айтууда. Ал эми бир мандаттуу округдун талапкерлерине 100 үгүтчү жетет… Кененирээк…

Бишкекте Айни көчөсүндөгү тротуардын курулушу аяктады

Бишкекте Айни көчөсүндөгү тротуардын курулушу аяктады.   Иштер анын Абай көчөсүнөн Панфиловго чейинки тилкесинде жүргүзүлдү. “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери жөө жүрүүчүлөр жолун куруп, ирригациялык система орнотуп, асфальттын жаңы катмарын төшөдү.

Чүй облусунда ирриация системасын өнүктүрүү схемасы иштелип чыгат

Чүй облусунда ирриация системасын өнүктүрүү схемасы иштелип чыгат. Суу ресурстары кызматы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого тендер жарыялады.   Ага 13 дарыя боюнча ирригацияны өнүктүрүү схемасы кирет, анын ичинде Кегети, Ысык-Ата, Ала-Арча, Аламүдүн, Жыламыш жана Сокулук дарыялары бар. Бул максаттарга 46 миллион сом жумшоо пландалууда.

Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга учуп кетти

Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиянын экономикасы боюнча атайын программага кирген (СПЕКА) өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышуу үчүн Баку шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, саммит Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин төрагалыгында өтөт. Быйыл… Кененирээк…