Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Соңку бир жумада америкалык валютанын куну 50 тыйынга төмөндөдү.   Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 88 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 89 сом 50 тыйындан сатышууда.   Ал эми Улуттук банк орноткон расмий курс —  88 сом… Кененирээк…

600 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилет

Кыргызстандагы 600 мамлекеттик мектептеги башталгыч класстын окуучулары үчүн акысыз ысык тамак уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КМШ мамлекеттеринин мектептериндеги ысык тамакты уюштуруу боюнча форумда билдирди. Министр башталгыч класстын балдарына пайдалуу ысык тамак берүү окуучулардын сапаттуу билим алышын камсыздап,… Кененирээк…

Россиялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өткөн жылга салыштырмалуу 60 пайызга өстү

Россиялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өткөн жылга салыштырмалуу 60 пайызга өстү. “Кабар” агенттиги белгилегендей, биздин өлкө аймагына кирүү үчүн Россия жарандарынан виза талап кылынбайт.   Бирок алар  2 айдан көп эмес убакыт жүрүшү керек. Туристтерди Ысык-Көл жээгиндеги, тоо койнундагы  жана тоолуу аймактардагы санаторийлерде эс алуу… Кененирээк…

Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттендирүү ниетинде

Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттендирүү ниетинде. Ведомствонун токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документте жазылгандай, көчөлөрдө мөмө-жемиш, улуттук жана муздак суусундуктарды, сүт продукциясын, гезит-журналдарды жана башка товарларды саткандар кийинки жылдын 1-январынан тарта кассалык-көзөмөл аппараттарын орнотуп, колдонушу керек.

Араван районунун Тою-Моюн айылында 9 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди

Араван районунун Тою-Моюн айылында 9 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди.   Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, социалдык объекттин жалпы аянты 1 миң 780 чарчы метрди түзөт.   Мектеп 225 окуучуга чакталат. Анда окуу класстарынан тышкары физика, химия… Кененирээк…

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 7 миллиондон ашык билет сатылды

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 7 миллиондон ашык билет сатылды. Бул тууралуу эл аралык олимпиада комитетинин расмий өкүлү Марк Адам билдирди.   Каалоочулар үчүн дагы 3 миллиондой билет жеткиликтүү. Алар ушул айда сатыкка чыгат. Спорттук иш-аранын ачылыш аземине билеттердин баасы 90 евродон башталып, 2 миң… Кененирээк…

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында. Унаа жана бжолдор министрлигинен билдиришкендей, жеринде учурда атайын техника иштеп, трассалар кардан тазаланып жатат.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.   Авариялык абал… Кененирээк…

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жаңы оорукана пайда болот

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жаңы оорукана пайда болот. Курулушка тендерди Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Медициналык жай 20 оорунга эсептелет.   Арыздар 8-декабрга чейин кабыл алынат. Долбоордун сметалык баасы 66 миллион 200 миң сомду түзөт.

Кийинки жылы КМШ өлкөлөрүнүн нотариустары электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү пландап жатат

Кийинки жылы КМШ өлкөлөрүнүн нотариустары электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү пландап жатат. Бул маалымкаттарды жана расмий кагаздарды алууну кыйла жөнөкөйлөштүрөт, — деп билдирет МИР-24.   Белоруссиянын нотариалдык палатасынын төрайымы Наталья Борисенко билдиргендей, санариптик арыздар, мурас кагаздары, күбөлүктөрдү КМШнын башка мамлекетинде туруп алса болот. Бул үчүн ишендирилген… Кененирээк…

Бул жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 353,5 миллиард сомго жетсе, чыгаша 365 миллиард 56 миллион сомго жетиши мүмкүн

Бул жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 353,5 миллиард сомго жетсе, чыгаша 365 миллиард 56 миллион сомго жетиши мүмкүн. Муну менен мамлекеттик казынанын дефицити 12 миллиард 54 миллион сомду түзөт.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Азаттык эске салгандай, 2021-жылы өкмөт 3 жылдын… Кененирээк…