Шайлоодо партияларга иштеген үгүтчүлөрдүн санын азайтуу сунушталды

Шайлоо өнөктүгү маалында саясий партияларга иштеген үгүтчүлөрдү эки эсе азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Сыдыков көтөрдү.
Ал партиялардын үгүтчүлөрүнүн саны азыркыдай 10 миң эмес, 5000ге чейин эле болуш керектигин айтууда. Ал эми бир мандаттуу округдун талапкерлерине 100 үгүтчү жетет деп эсептейт. Учурдагы мыйзамда алардын саны бекитилген эмес.
«Үгүтчүлөрдүн санын акылга сыярлык деңгээлге чейин кыскартуу шайлоо процессин тартипке келтирүүгө, ачык-айкын кылууга жардам берет. Ошондой эле бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды түзөт. Бул адилет күрөшкө өбөлгө түзөт», — деп жазылган долбоордо.
Ал эми президенттикке талапкерлердин үгүтчүлөрүнүн санын азайтуу каралган эмес, ал 10 миң бойдон калууда.