Чүй облусунда ирриация системасын өнүктүрүү схемасы иштелип чыгат

Чүй облусунда ирриация системасын өнүктүрүү схемасы иштелип чыгат. Суу ресурстары кызматы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого тендер жарыялады.

 

Ага 13 дарыя боюнча ирригацияны өнүктүрүү схемасы кирет, анын ичинде Кегети, Ысык-Ата, Ала-Арча, Аламүдүн, Жыламыш жана Сокулук дарыялары бар. Бул максаттарга 46 миллион сом жумшоо пландалууда.