Чүй облусунда Евразиялык соода-логистикалык борбор курулат

Чүй облусунда Евразиялык соода-логистикалык борбор курулат. Министрлер кабинети менен Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги ортосунда макулдашууга кол коюлду.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миллион долларды түзөт. Объектке соода шаарчасы, эл аралык көргөзмө борбору, сактоочу жана логистикалык камсыздоо борбору, ири көлөидүү жабдууларды сатуу комплекси жана мейманканалар кирет.