Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери  аяктады

Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери  аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады. Агрегатты жаңылоо жана оңдоо жумуштары быйыл 1-мартта башталган.

 

Бул аралыкта гидроагрегаттын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери аткарылды. Жыйынтыгында анын кубаттуулугу 300 мегаваттан 360 мегаваттка көбөйтүлдү.

 

Учурда аны сыноо жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Токтогул ГЭСинин агрегаттары   1975-жылы ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан.