Таласка видеокөзөмөл камераларын сатып алууга 12 млн сом жумшалат

Талас облустук ички иштер башкармалыгы видеокөзөмөл камераларын сатып алууга тендер жарыялады.   Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, долбоордун жалпы суммасы 12 миллион 72 миң сомду түзөт.   Бул каражатка Таласта “Коопсуз аймак” долбоорун ишке ашыруу үчүн видеокөзөмөл камераларын, компьютерлерди жана башка жабдууларды алуу пландалууда.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 13-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор… Кененирээк…

Бишкекте №226 автобустун кыймылы өзгөрдү

Бишкекте №226 автобус каттамынын схемасы өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.   Эми автобус Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө андан ары Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө жана «Асанбай» кичи районуна чейин барат.

Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу турай жай ээлерине тапшырылды

Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу турай жай ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   9 кабаттуу 108-сериядагы турак жай ордо калаанын Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган.   Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган адамдар үйдүн баасынын 20 пайызын төлөп,… Кененирээк…

Матраимов менен Көлбаевге тиешеси бар 200дөй адам иштен алынды

Кыргызстанда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевге тиешеси бар 200гө жакын мамлекеттик кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жогоруда аталган адамдар менен тымызын байланышта болгон 230дай ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкер аныкталды. Алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан бошотулду.   Жумуштан алынгандардын… Кененирээк…

Кыргызстанда 56 миңден ашык адам эмгек акысына азык-түлүк алышты

Кыргызстанда 56 миңден ашык адам эмгек акысына азык-түлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жыл башынан бери «Эмгектин ордуна азык-түлүк» долбооруна дээрлик 11 миң аз камсыз үй-бүлө катышкан.   Алар ирригациялык системаларды, жолдорду жана жергиликтүү деңгээлдеги суу менен… Кененирээк…

Кыргызстанда миграцияга чейинки 10 даярдоо борбору ачылды

Кыргызстанда миграцияга чейинки 10 даярдоо борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек министри Гүлнара Баатырова билдирди.   Анын айтымында, борборлор кесиптик лицейлердин базасында уюштурулган. Алар ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенишет.   Министр белгилегендей, окутуу санариптик инструменттер жана гибрид форматтары… Кененирээк…

Эртеңден тарта Бишкектен Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат

Эртеңден тарта Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган шаарга самолет жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү 30-мартка чейин каттайт.

Жалал-Абад шаарында арзан ун сатылууда

Жалал-Абад шаарында арзан ун сатылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун арзан баадагы ундары шаардын Бекмамат Осмонов көчөсү, 111 дарегинде жайгашкан “Дан-Юг” ишканасында сатылып жатат.   Белгиленгендей, 1-сорттогу ундун 50 килограммы 1250 сом, 2-сорттогу ундун 50 килограммы 900 сомдон бааланууда.

Бишкекте башаламан соода кылгандарга айып салынды

Бишкекте башаламан соода кылгандарга айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Ак-Эмир» базарынын жанындагы башаламан сооданы тазалоо иштери жүргүзүлдү.   Жеке жактарга башаламан сооданы уюштуруу үчүн жалпы суммасы 12 миң сомго 4 протокол түзүлдү.   Белгилеg кетсек, муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери көчө соодасынын алдын алуу үчүн күн сайын… Кененирээк…