Баткен облусунда  30дай жаңы социалдык объектилер колдонууга берилди

Баткен облусунда  30дай жаңы социалдык объектилер колдонууга берилди. Бул тууралуу өлкө башчы администрациясынан билдиришти.

 

Арасында 8 мектеп, 4 бала бакча, 4 фельдшердик-акушердик түйүн, медициналыык пунк, УКМК имараты, спорт зал, музей, тигүү цехтери, суу скважиналары жана ирригациялык тармактар бар. Президент администрациясынан белгилешкендей, жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүүгө 500 миллион сом каралат.