Бишкек көчөлөрүн кардан тазалоого тоскоолдук жараткан унаалар эвакуацияланат

Бишкек көчөлөрүн кардан тазалоого тоскоолдук жараткан унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу мэриядан эскертишти. Андан такташкандай, башаламан токтотулган унаалар тазалоо иштерине тоскоолдук жаратууда.

 

Шаарды кардан арылтууга 39 атайын техника, 27 кар тазалоочу машина жана 650дөй “Тазалыктын” кызматкери чыгып жатат. Күтүлгөндөй, бүгүн жана эртең ордо калаада дагы кар жаайт.