Президент Баткен облусуна каралган 500 млн сом толук берилгенин айтты

Бүгүн, 11-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылында 275 орунга ылайыкталган жаңы мектеп ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

 

Президент облуста сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМКнын имараты, спорт зал, музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, бир ирригациялык обьект жана бир курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилип жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө Лейлек жана Баткен районунун чек арадагы айылдары калыбына келтирилди. Жарактан чыккан 417 үй бүткөрүлдү.

Садыр Жапаровдун айтымында, Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин эсебинен жылына 500 млн сом акча каражатын бөлүү каралган, ал толук которулуп берилди.

 

Буга чейин чек арадагы 62 айылга өзгөчө статус берилген, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тарта жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1000 сомдон кошумча төлөм төлөнө баштады.

Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2000 сомдон кошулду. Саламаттыкты сактоо, ички иштер, салык тармактарында бир катар кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди.

 

Президент чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын үйлөрүн куруу менен бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилгенин белгиледи.

Ал эми кезектеги ремонтко муктаж 124 үй ээсине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөндү. Унаасы же мал жандыктары жоголуп, же өрттөлүп материалдык зыян тарткан жалпы 678 жаранга 135 млн 554 миң сом акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Жабыркаган 210 жеке ишкерге 300 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 63 млн сом бөлүндү, 208 ишкерге 197  млн 500 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары которулуп берилди.

Мындан тышкары, быйыл облуста 48,8 чакырым жол асфальтталды, 38,6 чакырымы жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 даана атайын техника берилди.

Суу чарба тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына облус боюнча 3 долбоор ишке ашырылды, бир долбоор ишке ашырылып жатат. Жалпы республикалык бюджеттен Баткендин ирригация тармагына 1 млрд 444 млн сом акча каражаты жумшалды. Дүйнөлүк Банк менен жетишилген макулдашууларга ылайык, Баткен облусуна  50 млн доллар каржылоо каралган.