10 күндө 22 миңден ашык жаранга юридикалык колдоо көрсөтүлдү

10 күндө 22 миңден ашык жаранга юридикалык колдоо көрсөтүлдү.

 

Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 1-декабрдан 10уна чейин акысыз кеп-кеңеш берүү иш-чарасын өткөрдү.

 

Анын алкагында 22 миң 480 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү. Эң көп кайрылган суроолору документтештирүү, жер маселеси, үй — бүлөлүк укуктук маселелер, социалдык камсыздоо, менчик укуктары жана мураска байланыштуу суроолор болгон.