Мунай ташуучулар күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылууга милдеттендирилди

Кыргызстандын мунай ташуучулары күйүүчү-майлоочу майдын керектүү запастарын камсыз кылууга милдеттендирилди. Алар менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы келишим түзгөн.

 

Анын алкагында компаниялар күйүүчү майга да жеткиликтүү бааны белгилеп, керектөөчүлөрдүн укугун бузуудан алыс болушу керек. Өз кезегинде монополияга каршы орган келишимдин аткарылышын туруктуу негизде көзөмөлдөйт.