Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу түркмөнстандык «Мервди» жеңип алды

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу түркмөнстандык «Мервди» жеңип алды. Беттеш кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

 

Эки таймдын жыйынтыгы менен 8:3 эсебинде «Абдыш-Ата» жеңишке жетти.

 

Эске салсак, ата-мекендик клубдар арасында канттык команда АФК Кубогунун плей-офф баскычына жеткен алгачкы клуб.