Кыргызстанда бүгүнкү күндө 73 миң 500 кассалык-көзөмөл аппараты иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 73 миң 500 кассалык-көзөмөл аппараты иштеп жатат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бирдиктүү реестрге ККМ машинасынын каттоодон өткөн 33 түрү киргизилди.   Ведомство компаниялардын техникалык тейлөө борборлору менен кызматташып, ишкерлерге ККМ аппараттарынын жеткиликтүүлүгүн арттырууда.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө май куюу станцияларынын курулушуна жер тилкесин берүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды

Бишкектин борбордук бөлүгүндө май куюу станцияларынын курулушуна жер тилкесин берүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды. Токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна чыгарылды.   Документте жазылгандай, мораторий 2013-жылы киргизилген. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана транспорттук тыгындарды алдын алуу максатында аны 2033-жылга чейин узартуу каралууда.

Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген насыя алууга эртеңден тарта кайрылса болот

Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген насыя алууга эртеңден тарта кайрылса болот. Айыл чарба министрлиги эскерткендей, “Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында каражат февралдан тарта берилип баштайт.   Программаны ишке ашырууга эки коммерциялык банк катышып жатат. Жалпысынан 7 миллиард берүү каралууда.   Долбоордун алкагында жеңилдетилген кредиттер мал чарбачылык… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт кафе жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт коомдук тамактануучу жай жабылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Холодок”, “Fast food”, “Кофе с собой”, “Обжарка” объектилеринин тиешелүү документтерин тактап, аныктоо боюнча жарандардан арыз келип түшкөн.   Аталган объектилерди текшерүүдө… Кененирээк…

Талас шаарындагы бардык абоненттерге акылдуу эсептегичтер орнотулат

Талас шаарындагы бардык абоненттерге акылдуу эсептегичтер орнотулат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда 6 миң аппаратты орнотуу иштери жүрүп жатат.   Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат, — деп айтылат маалыматта.

Ошто автомектептерге 106 миң сом айыппул салынды

Ош шаарында 22-28-январь күндөрү милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталган:   — лицензия алуу талаптарын бузгандыгы үчүн 5 протокол; — камсыздандыруу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол; — уруксаты… Кененирээк…

Бишкекте таштанды үчүн төлөм кечиктирилген ар бир күн үчүн айып салынат

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн төлөм кечиктирилген ар бир күн үчүн айып салынат. “Тазалык” муниципалдык ишканасы ушул жылдын январь айынан баштап төлөм кечиккен ар бир күн үчүн 0,1% өлчөмүндө каражат ала баштайт.   Мындан улам, таштандыга каражатты өз учурунда төлөө сунушталат.

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

3-4-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалытка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.   Катышуучулар төмөнкү салмак… Кененирээк…

«Соцконтракт» долбоорунун катышуучулары киреше ала баштады

«Социалдык контракт» долбоорунун катышуучуларынын дээрлик 30%га жакыны айына 40 миң сомго чейин киреше ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Белгиленгендей, аталган программанын катышуучуларынын аракети менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.

Жол эрежесин бузуу тууралуу билдиргендерге сый акы берүү сунушталды

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу тууралуу билдиргендерге сый акы берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.   Документке ылайык, укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткүсү келгендер окуя катталган жерлерден фото, видео материалдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүшү керек.   Анын алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн… Кененирээк…