Аламүдүн районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды.
Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, көмүр райондун 3 айыл аймагында жашаган аз камсыздалган 100 үй-бүлөгө бир тоннадан тийди.
Жардамды кайрымдуулук фонддорунун бири каржылаган.