Аргентина курамасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони “Барселонаны” жетектеши мүмкүн

Аргентина курамасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони “Барселонаны” жетектеши мүмкүн. Маалымат каражаттары жазгандай, клуб жетекчилигине анын талапкерлигин Лионель Месси сунуштаган.

 

Скалони “Барселонага” келсе, Аргентина курамасынын оюнчулары дагы которулушу күтүлүүдө. Андан тышкары, мындай келишим каржылык жактан клубка пайдалуу болмок. Эске салсак, “Барсанын” машыктыруучусу Хави сезондун аягында посттон кете турганын жарыялады.