Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап техникалар тапшырылды

Бүгүн, 31-январда Бишкектеги Эски аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшыруу салтанаты өттү.

Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катышты.

 

«Мындан ондогон жылдар мурун өзүм да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштедим эле. Мен министрликтин ал-акыбалын жакындан билген, көргөн адам катары айтам: анда бүгүнкүдөй күчтүү, заманбап техникалардын бири да жок болчу. Президентибиз Садыр Нургожоевич жана Министрлер кабинети өлкө коопсуздугун камсыздоо максатында күч түзүмдөрүнө улай куткаруучуларды да тиешелүү техникалар менен камсыздап жатат. Анткени коопсуздук маселеси комплекстүү камсыздоону талап кылат», — деди Ташиев өз сөзүндө.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бул жолу 28 техника берилген. Анын 10у Беларустан алынган БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү самосвал, төртөө медициналык унаа, төртөө өрт өчүрүүчү унаа, калгандары жер титирөөдө, жол кырсыгында, суу ташкында, дагы башка ушул сыяктуу табият кырсыктарында колдонула турган шаймандар. Бул техникалар үчүн Министрлер кабинети 35 млн сом бөлгөн.

 

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы үч жылда 700дөн ашуун техника алынган.