Кыргызстанда 1-февралдан тарта жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздоонун баасы өзгөрүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Эми кыргызстандыктар полис үчүн жылына 1 миң 722 сомдун ордуна 1 миң 840 сомдон төлөйт.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, медициналык камсыздандыруунун баасы өткөн жылга карата Улуттук статистика комитети аныктаган жашоо минимумунун көрсөткүчүнө жараша эсептелет.