Бишкекте дагы 2 автобустук каттам ачылууда

Бишкекте дагы 2 автобустук каттам ачылууда. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 1-февралдан тарта №145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт.

 

Аралыгы 6-8 мүнөттөн линияга 14 автобус кое берилет. Ал эми №169 автобус Ак-Ордо – 3 конушунан Осмонкул көчөсүнө чейин барат. Муниципалитеттен кошумчалашкандай, акырындап ордо калаадагы бардык маршруттук такси каттамдары автобустар менен алмаштырылат.