Тарыхтагы эң популярдуу уюлдук телефон аталды

Тарыхтагы эң популярдуу уюлдук телефон аталды. Ал Nokia 1100. Visual Capitalist жазгандай, 2003-жылы чыгарылган аппарат 6 жыл ичинде 250 миллион даана нускада сатылган.

 

Экинчи орунда Nokia 1110 телефону турат, аны 248 миллион жолу сатышкан. Популярдуу уюлдук телефондордун үчилтигин 222 миллион даана сатык менен 6 жана 6 Plus бекитет.