Быйыл 50 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасала турган бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык менен таанышты.

Борбордун дарыгерлери алты айдан бери гемодиализ аппаратында жаткан 22 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштырууну мерчемдешүүдө. Ага атасы донор болот.

Министрдин айтымында, Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамда органдарды трансплатациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, донорлордун тизмеси көбөйтүлгөн.

 

Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алат. Буга байланыштуу Министрлер кабинети быйыл программалык диализден өтүп жаткан 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу үчүн бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлгөн. Министрликте ошол 50 бейтапты тандап алууга комиссия түзүлдү.

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков борбордо мындай операция 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келерин, буга 44 операция жасалганын маалымдады.