Бишкектин Алтымышев көчөсүндө сугат лотокторун орнотуу иштери аяктоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, Алтымышев көчөсүнүн Руставели көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин жана Тыныбеков көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) бөлүгүндө Б-3-2 үлгүсүндөгү 653 погондук метр ирригациялык лотоктор орнотулуп жатат.
Белгилеп кетсек, бул лотоктор секундасына 40-50 литрге чейин суу агызып, жашыл аянтты сугаруу үчүн керектүү көлөмдөгү сууну камсыздай алат.
Бишкек мэриясы жарандардан магистралдык каналдарга, дренаждык жана ирригациялык тармактарга таштанды таштабоону суранат.