Жер титирөөгө туруктуу курулуш маминститутунун лабораториясы жаңыланат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Аталган институттун базасындагы ВИМ-200 динамикалык машинасы имараттын жер титирөөгө туруктуулуктуулугуна сыноо өткөрүү үчүн колдонулат.
Ал эми Р-10 аталышындагы аппарат арматуралардын ийилишин жана чыңалуусун сыноочу машина. Ошондой эле адистер белгилешкендей, П-10 аталышындагы аппарат менен бетондун бекемдигине сыноо жүргүзсө болот.