Кытайлык киши 20 жыл бою уулуна миллионер экенин айткан эмес

Кытайлык киши 20 жыл бою уулуна миллионер экенин айткан эмес. Анын баласынын айтымында, атасы дайыма үй-бүлөнүн карызы үчүн сарсанаа болуп, начар жашоосуна нааразы болуп турчу.

 

Жаш жигит университетти аяктагандан кийин гана ата-энесинин хан сарайы жана кымбат баалуу унаалары бар экенин билген. Жыйынтыгында атасы уулун ишин улантууга чакырган.

 

Учурда ал атасынын компаниясында иштегенине карабастан, аз эле маяна алат жана жумушка лимузин эмес, мотоцикл менен барып келет.