Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу баштады.
Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, өнөктүк эки этап менен өтөт. Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин отчет бериши керек. 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырат.
Документте өткөн жылы алынган кирешелер, чарбалык ишмердүүлүк, мүлк жана жер тилкелери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.