Салык кызматы жарандардын карызы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтө баштады

Мамлекеттик салык кызматы жарандардын карызы тууралуу билдирүүлөрдү Cabinet.salyk.kg сайтындагы “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу жөнөтө баштады. Ведомство билдирүүнү электрондук түрдө жибергенден кийин 5 календардык күндүн ичинде маалымат жетти деп эсептелерин белгилейт.   Салык төлөөчүгө өз ыктыяры менен төлөм жүргүзүү үчүн 15 күн берилет. Каражат убагында же… Кененирээк…

Азык-түлүк импорттоодогу нарк салыгынан бошотуунун мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда азык-түлүктүн бир канча түрүн импорттоодогу нарк салыгынан бошотуунун мөөнөтү узартылды.   Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому дагы бир жыл күчүндө болот. Ага ылайык, ун, жумуртка, арпа, сулу, балыктын жана мал-жандыктар үчүн азыктар, бодо малды ташып келүүдө 2024-жылдын соңуна чейин нарк салыгы алынбайт.

Өзбекстандык окумуштуулар дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы помидор-вакцина ойлоп табышты

Өзбекстандык окумуштуулар дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы помидор-вакцина ойлоп табышты.   Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, жаңы TOMAVAC вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өтүп, терс таасирлери дээрлик жокко эсе экени айтылат.   Окумуштуулар коронавирустун S1 белогу бар сорттогу жашылчаны өстүрүшкөн.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Вьетнам командасына каршы ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Вьетнам командасына каршы ойнойт. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, жолугушуу Доха шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де старт алат.   Белгилеп кетсек, улуттук курама Азия Кубогуна даярдыктын алкагында Катарга жөнөп кеткен.

2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү

2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Novosti.kgге билдиришкендей, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго чейин жогорулатылды.   Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө бул төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды… Кененирээк…

Өлкөдө 27-январь, ишемби жумуш күнү болот

Өлкөдө 27-январь, ишемби жумуш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек министрлиги эскертет. Бул күнү 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар 3-январдагы дем алыш үчүн ишке чыгат.   Андан тышкары, 2-март жана 2-сентябрга туура келген ишембилер жумуш күнү болот. Бул күндөр үчүн 4-5-январда жаңы жылдык узак эс… Кененирээк…

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштеп жатат

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштеп жатат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан коомдук жайларда   3 миңге жакын видеокамера орнотулса, 100дөн ашыгы адамды жүзүнөн тануучу ситемага туташтырылган.   Ведомство бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде 24 саат бою көзөмөлгө алынып, өткөн жылы видеокамералардын жардамы… Кененирээк…

Кыргызстанга Түркиянын ТИМ башчысы Хакан Фидан келди

Кыргызстанга Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан расмий сапар менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев тосуп алышкан.… Кененирээк…

АКШ тургуну дээрлик 1 миллион долларлык лотерея билетин ыргытып сала жаздады

АКШ тургуну дээрлик 1 миллион долларлык лотерея билетин ыргытып сала жаздады. Мичиган штатынын 39 жаштагы тургуну жума сайын купондорду сатып алып, бирок бир дагы жолу утушка ээ болгон эмес.   Кезектеги билетти дагы ал ошондой эле ойлоп, ыргытайын дегенде акыркы сандарын дагы бир ирет текшерип… Кененирээк…

2023-жылы АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 6 сомго кымбаттады

2023-жылы АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 6 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Өткөн жылдын башында аталган күйүүчү майдын бир литри 65 сом 50 тыйындан сатылса, жыл аягында наркы 71 сом 40 тыйынга жеткен.   Ал эми АИ-92 бензини 3,5 сомго, дизелдик отун… Кененирээк…