Бишкекте экономика боюнча II эл аралык олимпиада өтөт

Бишкекте экономика боюнча II эл аралык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Олимпиадага бардык мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары акысыз негизде катыша алат.

 

Эл аралык олимпиада кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч этапта өткөрүлөт:

  • I тур онлайн форматта – 2024-жылдын 19-22-февралында өтөт (40 мүнөт – 25 тест суроосу);
  • II тур 2024-жылдын апрель айында Бишкек шаарында катышуучулардын жеке катышуусу менен өтөт;
  • Финал – 2024-жылдын 1-4-сентябрында Грецияда өтөт.

Мугалим мектепти олимпиадага каттатуусу керек. Каттоо төмөнкү шилтеме боюнча 2024-жылдын 30-январына чейин ачык: https://lp.econfun.org/olympiad-in-kyrgyzstan