Бишкекте жеңил конструкция жер титирөөгө сыноодон өткөрүлдү

Бишкекте жеңил конструкциядан курулган имарат жер титирөөгө сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекекттик курулуш агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, үч кабаттуу объект 7,5 баллдык жер титирөөгө туруштук берди. Сыноонун экинчи этабы жеңил конструкциядагы курулуштун дубал-панелдерин жабуу боюнча иштер аяктагандан кийин өткөрүлөт.