Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат

Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат. Улуттук электр тармактары ишканасы билдиргендей, энергетиктер майрам күндөрү да, кадимки убакта дагы күнү-түнү нөөмөттө турушат.

 

Узакка созулган дем алыш күндөрүндө керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Учурда ишкананын бардык филиалдары ишин улантып, электр энергиясын үзбөй берүүнү көздөөдө.