Рэпер Снуп Догг Париждеги Олимп оюндарында кабарчы болот

Рэпер Снуп Догг Париждеги Олимп оюндарында америкалык маалымат каражаттарынын бирине атайын кабарчы болот. Музыкант мелдештерге көз салып, спортчулар менен маектерди жаздырып, ошондой эле Франциянын борборунун кооз жерлерин кыдырат.

 

Эске салсак, жайкы Олимп оюндары быйыл 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.